Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Жыйырма күндө үшүктөн 16 адам ажал тапты


Декабрь айынын башынан бери Республикалык соттук медициналык экспертиза бюросуна үшүктөн каза болгон 16 адамдын сөөгү түштү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына туура келет. Сууктан каза болгон адамдардын төртөөнүн тек-жайы аныкталган жок. Калган он эки адамдын сегизинин сөөгү көчөдө, төртөөнүкү үйүнүн жанынан табылды. Үшүктөн каза болгондордун он бири алкоголдук ичимдик ичкени тастыкталды. (KKs)

XS
SM
MD
LG