Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

“Газпром” Кыргызстанга берилчү инвестицияларын тактайт


Бүгүн Москвада президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын «Газпром» ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер менен жолукту. Тараптар 10 күн ичинде «Кыргызгаз» ишканасына жана Кыргызстандын газ, транспорт тармагына жасала турган инвестициялардын планын бекитүүгө макулдашты. Муну менен мамлекет башчысынын Орусияга жасаган иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Газпром” ачык акционердик коому «Кыргызгаз» мамлекеттик ишканасынын 75% акцияларын сатып алууга даярдыгын билдирип келет. Ишкана сатылгандан кийин орус инвестору Кыргызстанга үзгүлтүксүз газдын келишин камсыз кылуу жана өлкөдө газ булактарын издөө милдетин мойнуна алмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG