Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

Путин: 4,5 млрд. жылдан кийин Күн өчөт, жашоо бүтөт


Ростов-на-Дону шаарындагы аскерий окуу жайдын кадеттери Путиндин сөзүн угууда, 20.12.2012
Ростов-на-Дону шаарындагы аскерий окуу жайдын кадеттери Путиндин сөзүн угууда, 20.12.2012

Путиндин акыркы төрт жылда биринчи кенен форматта өткөн пресс- конференциясына кызыгуу чоң болду. Ага 1200 журналист, анын ичинде 200 чет элдик журналист келди.

Мындай кызыгуу биринчиден президент Путиндин ден соолугуна байланыштуу Кремлде бир катар чет элдик коноктор менен кездешпей калуусу, Жапонияга болчу визиттин кийинкиге жылганы, Жакынкы Чыгыш, Сириядагы кырдаалга байланыштуу Орусиянын саясатын билүүнүн зарылдыгы менен байланыштуу.

Мамлекеттик Думанын орусиялык балдарды Кошмо Штаттардын жарандарына асыроого тыюу салган мыйзамды экинчи окууда кабыл алганы, коргоо министринин тармактагы коррупцияга байланыштуу майлуу-сүттү башка орунга жылдырылышын атаса болот.

Коррупцияга каршы тайманбай күрөшкөн адвокат Магнитскийдин 2009-жылы абакта запкы жеп өлүүсүнө байланыштуу АКШда кабыл аланган “Магнитский мыйзамы”, ага каршы Мамдума даярдап жаткан "Дима Яковлевдин мыйзамы" тууралуу суроолор болжолдолгондой эле президентке жыйындын башында берилди.

АКШда кабыл алынган мыйзам боюнча адвокат Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар бир катар орусиялык даражалуу чиновниктер АКШга баралбайт, алардын банктардагы эсептери убактылуу токтотулган.

Путиндин айтышынча, башкаруучу "Бирдиктүү Орусия" каалагандай өкчөгөн Мамдума "Магнитский мыйзамына" каршы эмес, АКШда асырап алынган орусиялык балдарга жасалган терс мамиле же кылмыштарга карата берилген жооп болууда:

- Мен билгенден, Орусия Федерациясынын көпчүлүк жарандары биздин балдарыбызды чет элдиктердин багып алганын жактырышпайт. Балдарды биз өзүбүз асырап алышыбыз абзел. Биз жергиликтүү үй-бүлөлөрдү ата-энесиз калган же жетим балдарды асырап алганга кызыктыруубуз керек. Бизге кемчиликтерибизди ачып көрсөтүшөт. Анысына ырахмат. Бирок ага таянып, анти-орусиялык мыйзам кабыл алуу түп тамырынан натуура нерсе. Мамдуманын жообу эмоционалдуу болгонун мен түшүнөм. Бирок адекваттуу жооп.

Бул сөзү менен президент Путин америкалыктардын орусиялык балдарды асырап алуусуна каршы экенин ачык билдирди.

Ден соолугуна байланыштуу түрдүү күбүр-шыбыр кептер айтылып жүргөнүн Путинден сурашканда, "андай кеп-сөз бийликти каралоону көздөйт жана менин ден соолугума келгенде - мени милдетин аткарганга жарабай калат деп ойлобогула", - деп жооп берди.

Президент Путин Орусияда авторитардык бийлик орноду деген сөздү четке кагып, "Эл анархиядан, баш аламандыктан тажаган, 1990-жылдардын башындагы окуялар демократия жана эркин экономиканын беделин түшүрүп салды" деди. "Тартип, дисциплина, мыйзамды бекем кармоо - демократиялык башкаруунун маңызына каршы келбейт", - деп кошумчалады Орусиянын президенти.

"Акыр заман келди - кыямат кайым болот" деген эл арасында пикирлерге "акырет күндүн жашоо циклине ылайык 4,5 миллиард жылдан кийин болот. Анткени, ошондо Күн өчөт, жашоо бүтөт", - деди Путин.

"Левада" изилдөө борборунун сурамжылоосу соңку 7 айда Путиндин рейтинги 6% төмөндөп, 63% болуп калганын, натыйжада президенттин ишмердигине нааразылардын саны 30дан 36% жеткен. Башкача айтканда ар бир үчүнчү орусиялык президент Путиндин ишине канааттанбайт. Калктын көпчүлүгү баалардын өсүшү, айлыктын аздыгы, өлкөдөгү коррупция жана адистик боюнча жумуштун жоктугуна нааразы.

XS
SM
MD
LG