Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Орусияда оппозиция лидерине айып тагылды


Алексей Навальный Москвадагы жүрүштө. 27-октябрь, 2012-жыл.
Алексей Навальный Москвадагы жүрүштө. 27-октябрь, 2012-жыл.
Орусиянын Тергөө комитетинин жарыясына караганда, Алексей Навальныйга көз бойомочулук кылган жана арам акчаны адалдаган деп айып коюлду.

Комитеттин өкүлү Владимир Маркиндин айтымында, Навальныйдын фирмасы транспорттук компаниядан почта кызматын көрсөткөнү үчүн 55 миллион рубль же 1,8 миллион долларга жакын ыашыкча алган. Эгер ал сот тарабынан айыптуу деп табылса, эки жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Кылмыш ишине байланыштуу Алексей Навальныйдан жана анын бир тууганы Олегдин Москвадан тышка кетүүсүнө тыюу салынды.

36 жаштагы адвокат жана антикоррупциялык блоггер Алексей Навальный - президент Путинге каршы Орусияда акыркы бир жылдан бери утур-утур өтүп келе жаткан нааразылык акцияларындагы лидерлердин бири. Ал кабарчылар менен маегинде өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, кылмыш ишинин саясий жүйөсү бар болгонун белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG