Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Таласта жарыктын өчүшүнөн майыптар жабыр тартууда


Бул тууралуу Таластын Бакай-Ата районундагы майыптардын үй-интернатынын директору Бурул Туманова билдирди.

Туманованын айтымында, акыркы күндөрдөгү катуу суукта электр энергиясына киргизилген чектөөдөн улам интернатта үстүккө-босток жарык өчүрүлүп жатат. Мунун айынан интернатта жашаган майыптар ооруп, имараттын жылытуучу системасы иштен чыкканы жатат. Мындан улам Туманова социалдык мекемелерге жарык өчүрбөөнү суранып, өлкө жетекчилигине кайрылды.

Буга чейин өлкөдөгү газ кризиси жана катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө чектен ашкандыктан өлкө аймактарында жарыкка чектөө киргизилип, маал-маал менен өчүрүп туруу чечими кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG