Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасынын башкы деректири Тургунбек Кулмурзаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, менчиктештирүү маселеси Москвада “Газпром” ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланып, эмдиги жылы 1-апрелге чейин бүтүрүү макулдашылды. Анда “Газпром” “Кыргызгаздын” 100 пайыз акциясына ээлик кылууга кызыкдар экени, ошондой эле 5 жылдын ичинде 20 миллиард рубль инвестиция салууга даярдыгын билдирди. Кулмурзаев эгер “Кыргызгаз” Орусияга сатылса, газдын баасы азыркыдан арзан болоорун кошмчалады. (EBM)