Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Сахалин: аралдагы кыргыз мигранттар мекенине кайтып келатат


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жардамы менен Орусиянын Сахалин облусундагы Шикотан аралындагы балык комбинатында иштөөдөн баш тарткан кыргызстандыктар мекенине келатат. Элчиликтин талабы менен иш берүүчүлөр алардын жол киресин толук төлөп берди. Алар Хабаровсктон Новосибирскиге чейин поезд менен келет, андан ары Кыргызстанга автобус менен жөнөтүлөт. Ар бир жаран жолдогу тамак-ашы үчүн кошумча 5 миң рублдан алды.

Өткөн айдын этегинде элчиликке Кыргызстандын 43 жаранынан арыз түшкөн. Алар Шикотан аралындагы балык комбинантта мурда убада кылынган айлык төлөнбөй жатканын айтып, иштөөдөн баш тартып, жардам берүүсүн өтүнгөн.

Учурда бул балык комбинатта булардан башка Кыргызстандын 23 жараны иштеп жатат, алар айлык акысы менен иш шартына нааразы эместигин билдиришти. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG