Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Орусия парламенти АКШга жооп кайтарды


АКШ жарандарынын орусиялык балдарды асырап алуусуна тыйуу салган мыйзамды Мамдума көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Мыйзам долбоору президент Барак Обама өткөн аптада кол койгон “Магнитский актысына” каршы иштелип чыкты. Ага ылайык, 2009-жылы адвокат Магнитскийдин абакта алган жараатынан өлгөнүнө жооптуу Орусиянын мартабалуу чиновниктеринин АКШга баруусуна тыйуу салынган. Орус парламенти кабыл алган мыйзамга өлкө президенти кол койгон соң күчүнө кирет. Владимир Путин кечээ Мамдуманын чечими бир кыйла эмоционалдуу, бирок туура жооп экенин айткан.

XS
SM
MD
LG