Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Грузия парламенти мунапыс жөнүндөгү жобону жактырды


Ага ылайык, 3 жарым миңдей айыпкер мөөнөтүнөн мурда бошотулмакчы. Дагы 5 жарым миңдей кишинин жаза мөөнөтү төмөндөтүлөт. Ар бир ишти өз өзүнчө карап чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлөт.

Мыйзамда чыккынчылык, Орусиянын пайдасына тыңчылык кылуу, тоноо, көз бойомочулук, уурулук өңдүү кылмыштар үчүн кесилгендерди эркиндикке чыгаруу сунуш кылынат.

Премьер-министр Бидзина Иванишвилинин жаңы өкмөтү ушул беренелер боюнча соттолгондордун көбү президент Михаил Саакашвилинин партиясынын саясий куугунтугуна кабылган деп эсептейт. Саакашвилинин Биридиктүү улуттук кыймылы парламенттин кечээ күнкү сессиясын бойкоттогон. Президент мунапыска кол коюп-койбосу азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG