Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 01:30

Кар көчкүдө каза болгон кыздардын аты-жөнү аныкталды


Алар Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагынын 15 жаштагы тургундары: Жеңишбек кызы Тахмина жана Замирбек кызы Дилбар. Ал эми кар көчкүдөн жабыркаган эки бала: Улукбек уулу Адилет жана Чынарбай уулу Болоттун саламаттыгына Кара-Кулжа райондук оорукананын дарыгерлери көз салышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов маалымдады.

Мурда кабарлангандай, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагында 22-декабрь күнү саат 13:30 чамасында болжол менен 150 метр куб кар көчкү түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, кар көчкүнүн алдында ал жерде муз тээп жүрүшкөн тогуз бала калган, алардын ичинен 2 кыз каза болуп, 2 бала ооруканага жеткирилген. Беш окуучуну жергиликтүү эл куткарып, үйлөрүнө жеткирген.

Министрликтин маалыматы боюнча көчкү жүргөн аймакта муз тээп жүргөн балдардын саны 24 болчу. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG