Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Сүттү кайра иштетүүчү ишканалар Бажы биримдигинин текшерүүсүнөн өтөт


Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ветеринария кызматтары Кыргызстандагы сүттү кайра иштетүүчү он бир ишкананын ишин текшерет. Алар сүттүн, сүт азыктарынын сапатын жана адамдын саламаттыгына коопсуздугун көзөмөлдөн өткөрүшөт. Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматы боюнча текшерүү 27-декабрда аяктайт.

Аталган инспекция мурдараак Кыргызстандагы сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды текшерүүсүн өтүнүп, Казакстан мүчө болгон Бажы биримдигине кайрылган.

Коңшу Казакстан август айынан тартып, Кыргызстандан сүт азыктарын алуудан баш тарткан, алар буга өлкөдөгү санитардык-ветеринардык абалды жүйө кармашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG