Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Эмомали Рахмондун ишмердүүлүгү тууралуу тасмалар топтому чыгарылды


Тажикстанда эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата Эмомали Рахмондун ишмердиги тууралуу даректүү тасмалардын топтому чыкты. Тажикинфо маалымат агенттиги Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун бийликке келгенден тартып, бүгүнкү күнгө чейинки ишмердүүлүгү тууралуу даректүү тасмалар камтылган 27 дискти сатыкка чыгарды. Анын арасында “Эмомали Рахмон жана азык-түлүк коопсуздугу”, “Президент жана энергетикалык көз карандысыздык” деген сыяктуу тасмалар бар. Маалыматтар боюнча мындай тасмалардын топтому 270 сомони, же 56,7 доллар, сомго айландырганда 2689 сом турат. Тажикинфо тасмалар топтому дүкөндөргө жана күркөлөргө зордоп өткөрүлбөгөнүн, дисктерди сатуу эркин мүнөздө болуп жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG