Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Ош шаарындагы бардык окуучулар кышкы каникулга тарады


Буга чейин шаар мэри Мелис Мырзакматов калаадагы мектеп окуучуларын мөөнөтүнөн мурда каникулга чыгарууга негиз жок экенин айткан эле.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлайым Машрапова «Азаттыкка» билдиргендей, билим берүү министринин буйругунун негизинде мектептердин бардыгы 24-декабрдан 12-январга чейин жабылды. Мектептерде жаңы жылдык балаты майрамдары өтүп бүттү. Жетишпей калган айрым гана мектептер каникул учурунда окуучулардын жаңы жылдык кечесин өткөрүшөт.

Билим берүү министрлиги Санитардык-эпидемиологиялык башкармалыктын балдар арасында суукка урунган, сасык тумоо менен ооруган учурлар көбөйүп жаткандыгы тууралуу корутундусунун негизинде мектептер мөөнөтүнөн мурда каникулга жабылаарын кабарлаган. Министрликтин маалыматы боюнча окуучулар жазында мурдагыдай 1 жума эмес, 5 күн эс алат. (SE)

XS
SM
MD
LG