Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

2012: Кыргызстанда ала качуунун курмандыктары 7.5 миңден ашкан


Кыз ала качуу маселеси Бишкекте талкууланат. Уюштуруучулардын маалымдоосу боюнча, талкууга акыйкатчы, Жогорку Кеңештин депутаттары, күч кызматтарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, эл аралык уюмдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат. Тегерек столду коомдук саясат институту уюштурууда.

Аял укугун коргоочулардын ырастоосунда, бир жыл ичинде ала качуунун курмандыктары 7.5 миңден ашкан. 20-декабрь күнү Жогорку Кеңеш кыз ала качкандарга жазаны күчөтүү боюнча Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырды. Ага ылайык, кыз ала качуу адам уурдоо катары бааланып, кыз уурдагандар 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG