Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Индия премьер-министри өлкө жарандарын сабырдуулукка чакырды


Нью-Делидеги демонстрация. 22-декабрь, 2012-жыл.
Нью-Делидеги демонстрация. 22-декабрь, 2012-жыл.
Манмохан Синхтин бүгүн мына ушундай кайрылуу менен чыгып, анда өкмөт аялдарды зордук-зомбулуктан коргоочу чараларды көрөрүн убада кылышына өлкөнү соңку бир нече күндөн бери нааразылык толкуну каптаганы себеп болду. Ал эми нааразылыктын чыгышына студент кыздын автобуста зордукталышы түрткү берген.

Ушул ишемби жана жекшемби күндөрү борбор Нью-Делиде полиция кыжырланган демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, суу бүркүгүчтөрдү колдонду.

Нааразылык акциялар өлкөнүн башка аймактарына да жайылып, Индиянын түндүк-чыгышында полиция демонстранттарга ок ачканда бир телекабарчы каза тапкан.

Жаалданган демонстранттар 16-декабрда 23 жаштагы студент кызды сабаган жана зордуктаган алты адамды өлүм жазасына тартууну талап кылышты. (UE)

XS
SM
MD
LG