Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Сирияда козголоңчулар Харем шаарын толугу менен ээлешкени айтылды


Куралчан оппозиция өкмөттүн эң ишенимдүү аймактарынан деп эсептелген Харем шаарына көзөмөлдү колго алганын баш кеңсеси Лондондо жайгашкан "Сириядагы адам укуктары боюнча обсерватория" деген уюмдан кабарлашты. Түркия менен чектеш жерде жайгашкан бул шаар үчүн күрөш бир аптага созулган. Идлиб провинциясында 20 миңдей калктуу шаардан башка дагы бул аймактагы бир нече шаарды козголоңчулар ээлегени кабарлаган.

Бүгүн Ыйса пайгамбардын туулган күнүнө карата элге жасаган салттуу кайрылуусунда Рим католик чиркөөсүнүн көсөмү Бенедикт XVI Сирияда бейкүнөө, коргоосуз калган элдин кырылышын катуу айыптады. Былтыр март айында президент Башар ал-Асаддын режимине каршы көтөрүлгөн куралчан оппозиция менен өкмөттүк күчтөрдүн кандуу кармаштарынан 40 миңден ашуун адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG