Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

“Балдарга жомок тартуула” кайрымдуулук концерти болот


Бүгүн Т. Абдымомунов атындагы академиялык кыргыз драма театрында “Балдарга жомок тартуула” деп аталган кайрымдуулук концерти болот. Иш-чаранын уюштуруучулары концерттен түшкөн каражат балдар үйлөрүнө көмүр, тамак-аш, жылуу кийим-кече жана жуучу каражаттарды сатып алууга жана ошондой эле балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан балдарга жаңы жылдык балаты уюштуруп берүүгө жумшаларын айтышууда.

Кайрымдуулук концерти жергиликтүү эстрада ырчыларынын катышуусунда өтөт, аны “Жаштардын демилге борбору” коомдук фонду жана “Y-PEER теңчилик окуу тармагы” коомдук уюму уюштурууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG