Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Келерки жылга газ маселеси 29-декабрда чечилет


2013-жылга көгүлтүр от сатып алуу тууралуу келишимге Өзбекстан менен Кыргызстан 29-30-декабрда кол коюусу күтүлүүдө. "Кыргызгаз" ишканасынын башчысы Тургунбек Кулмурзаевдин кечээ өкмөт жыйынында билдиргени боюнча, өзбек тарап келерки жылга газдын баасын миң кубметрине 253 доллардан баалап жатат, бул өткөн жылкыга караганда 50 долларга арзан. Кулмурзаев ошондой эле Кыргызстандын түштүгү үчүн алынуучу 100 млн. кубметр газды да арзаныраак баада алууга үмүттөнүп жатканын билдирди.

Жаңы 2013-жылга карата көгүлтүр от сатып алуу маселеси Казакстандын "КазГазТранс" ишканасы менен да сүйлөшүлөт. "Кыргызгаздын" жетекчиси бул жерде Орусиянын "Газпром" ишканасы казак тарапты Кыргызстанга сатылуучу көгүлтүр оттун баасын 200 доллардан ашырбоону талап кылып жатканын билдирди.

Орусиянын "Газпром" ишканасы "Кыргызгаз" ишканасынын 100% акциясын сатып алууга кызыкдарлыгын билдирген. Мойнунда 38 млн. доллар карызы бар ишкананы Орусияга керек болсо 1 долларга берүүгө даяр экенин Кыргызстандын өкмөт башчысы да, президент да айткан болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG