Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Жарык жана газсыз калгандар үчүн ыкчам маалымат борбору ачылды


Кыргызстандын өкмөтү жарыгы, жылуулугу жана газы жок калгандар үчүн ыкчам маалымат борборун ачты. Бул борбор "Кабар" маалымат агенттигинде иштеп турат. Арыздангандар Бишкектеги 96 16 33, 96 18 72 жана 96 05 62 телефон номурларына чалса болот. Ошондой эле жолдордогу абал боюнча да даттануулар кабыл алынат.

Өткөн түнү Токтогул ГЭСинде авариялык абал түзүлгөнүнө байланыштуу бүгүнтөн тарта элди электр энергиясы менен камсыз кылууда чектөөлөр киргизилип жатат. Мындай абал канча созулаары азырынча белгисиз. Энергетиктердин айтымында, электрди өчүрүү ар бир керектөөчү үчүн эки сааттан ашпайт. (RK)

XS
SM
MD
LG