Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Бала укугун коргоочулар өкмөттү сындады


Кыргызстандагы балдардын укугун коргоочулар бүгүн билдирүү таратты. Анда кыргызстандык балдарды сыртка асыроого өткөрүп берүүчү чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациядан өткөрүү тартиби боюнча өкмөт токтомунун долбооруна "коррупциялык" деген баа берилет. Коррупцияга каршы ишкер кеңеш бул долбоорду экспертизадан өткөргөндө анда жүзгө жакын коррупциялык элемент бар экени аныкталган. Укук коргоочулардын пикиринде, эгерде бул токтом кабыл алынса, балдарды сатууга мүмкүнчүлүктөр ачылат. Себеби асыроого өткөрүп берүүчү компанияларды тандоонун так жол-жобосу иштелип чыккан эмес деп "Азаттыкка" Коррупцияга каршы ишкер кеңештин эксперти Иван Дробитько билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG