Каскаддын жетекчиси Темирлан Биримкулов азырынча бул тууралуу маалымат берилбесин “Азаттыкка” билдирди.
Белгилүү болгондой, мурунку күнү түндө Токтогул ГЭСинин бир агрегаты иштен чыккан. Гидроэнергетиктер муну электр энергиясын иштеп чыгууда ашыкча күч келгени менен байланыштырышты. Бир агрегаттын иши убактылуу токтотулганын байланыштуу 300 мегаватт электр энергия аз өндүрүлүүдө. Кечээ энергетиктер кемиген мегаватт Бишкектен башка бардык аймактарга текши бөлүштүрүлгөнүн, бул керектөөчүлөргө көп деле таасир этпей турганын айтышкан.
Токтогул ГЭСиндеги 4 агрегат 1200 мегават электр энергиясын өндүрүп чыгарат. Ал жердеги агрегаттардын бир-экөө иштен чыгып калса, Нарындын төмөнкү агымында жайгашкан электр станцияларынын иштөөсү кыйындайт. Адистер ГЭСтеги агрегаттардын иштөө мөөнөтү аяктап, эскилиги жеткендигинен улам ушундай болгонун билдиришүүдө. Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке кирген, чөйчөгүнө 19 млрд. метр куб суу батат. (ZKo)