Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Пакистанда Беназир Бхуттонун уулу саясатка аттанганын жар салды


5 жыл мурун террордук чабуулда өлтүрүлгөн Пакистандын премьер-министри Беназир Бхутто менен учурдагы президент Зардаринин уулу, 24 жаштагы Билавал Зардари Синд провинциясындагы энесинин күмбөзүнүн жанында миңдеген адамдар катышкан митингде чыгып сүйлөп, коомдук саясатка өткөнүн жарыялады.

Бейшембиде Беназир Бхуттонун өлтүрүлгөнүнө 5 жыл толду. Билавал Зардари энесинин күмбөзүндө атасы – президент Зардари менен туруп, демократияга “каршы күчтөр” менен күрөшүүгө убада берди:

- Биз Бхуттого берилгенбиз. Эгерде Бхутто өлтүрүлсө, ар бир үйдө Бхутто пайда болот.

Билавал Зардари – Пакистан элдик партиясынын теңтөрагасы, кийинки жылы өтчү шайлоого катыша турган эң жаш талапкерлердин бири. 2007-жылы энеси өлтүрүлгөндөн кийин партиянын тең төрагасы болуп калган, Британияда университетти аяктаган.

XS
SM
MD
LG