Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:02

Энергетика министрлиги: Электрди керектөө нормадан ашууда


Энергетика министрлиги өлкөдөгү жылуулук, жарык жана газ менен камсыз кылуу системасынын жалпы иши боюнча ыкчам маалымат таратты. Анда электр энергиясын керектөө учурда нормадан алты миллион киловатт саат ашып жатканы, Ошто, Жалал-Абадда жана Ысык-Көлдө айрым жерлерде электр энергиясы авариялык себептен улам убактылуу өчүрүлгөнү, Бишкекти жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу үзгүлтүксүз жүрүп жатканы айтылат. Газ боюнча да маселе жок. Көмүр 458 базада сатылып жатат. Орточо баасы - бир тоннасына 3200-4500 сом, мүшөгү - 200-280 сом экенин Энергетика министрлиги айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG