Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Путин АКШ жарандарынын Орусиядан бала асыроосуна тыюу салган мыйзамды бекитти


Бүгүн президент Путин буга чейин Мамдума менен Федерациялар Кеңеши жактырган АКШда кабыл алынган “Магнитский актысына” каршы мыйзамды бекитти.
Ага чейин Адам укуктары боюнча президенттик кеңеш мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлерин Путинге жөнөткөн. Мыйзам долбоорун артка кайтаруу боюнча президентке мурдагы каржы министри, учурда жарандык демилгелер комитетин жетектеген Алексей Кудрин да кайрылды. Бул билдирүүлөрдө бала асыроо боюнча мыйзамга киргизилген толуктоолор орусиялык балдарга карата “таш боор” мамиле деп сыпатталат.

Президент кол койгон мыйзам – америкалык жарандарга орусиялык жетим балдарды багып алууга, АКШдан каржыланган бейөкмөт уюмдардын Орусияда саясий ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салат.

XS
SM
MD
LG