Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы шайланды


Бул тууралуу шаардык кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаардык кеңештин 28-декабрда өткөн алгачкы жыйынында Марат Аманкулов төрагалыкка шайланды.

Аманкулов КСДП партиясынын мүчөсү. Төрага орун басарлыгына “Замандаш-Современник” партиясынын мүчөсү Людмила Ардамина шайланды. Шаардык кеңеш түзүмүн аныктап, туруктуу иштей турган комиссия түздү.

Ага чейин Кыргызстан социал-демократтар партиясы менен "Замандаш-Современник" партиясы шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияны түзүшкөн.

25-ноябрда Кыргызстандын 25 шаарында жана 416 айылында жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланган. Бишкекте 45 депутаттык орунга Социал-демократтардан 21, "Республика" партиясынан 11, "Ата Мекенден" 7 жана "Замандаш-Современниктен" 6 адам келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG