Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Бажы биримдигинин эксперттери Кыргызстандагы сүттү текшеришти


Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ветеринария кызматтары Кыргызстандагы сүттү кайра иштетүүчү он бир ишкананын ишин текшерди. Бул тууралуу “Азаттыкка” санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция алдындагы ветеринардык департамент башчысы Жаныбек Султанов билдирди.

Анын айтымында, Бажы биримдигине кирген Орусия, Беларус жана Казакстандын адистери төрт күн бою Кыргызстанда өндүрүлгөн сүттүн, сүт азыктарынын сапатын жана адамдын саламаттыгынын коопсуздугун көзөмөлдөн өткөрүштү. Текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт талапка жооп берээри дайын болгон. Бул текшерүү Казакстанды талабы менен жүргүзүлдү. Эми акыркы жыйынтык январ айынын соңунда дайын болот. Ага ылайык, Казакстандын сүт азыктарына киргизген чектөөсүн алуу же албоо боюнча чечим кабыл алынат.

Кыргызстан сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды текшерүүсүн өтүнүп, Казакстан мүчө болгон Бажы биримдигине кайрылган.

Коңшу Казакстан август айынан тартып, Кыргызстандан сүт азыктарын алуудан баш тарткан, алар буга өлкөдөгү санитардык-ветеринардык абалды жүйө кармашкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG