Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Лавров: Сирияда конфликтти сүйлөшүп чечкенге дагы эле шанс бар


Сергей Лавров
Сергей Лавров
Бүгүн Москвада Сирия боюнча Бириккен улуттар уюмунун жана Араб лигасынын атайын чабарманы Лахдар Брахими менен жолугушуудан кийин Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров “Сириянын Оппозициялык коалициясы президент Башар ал-Асад менен сүйлөшүүдөн баш тартышы “туңгуюкка гана алып келет” деп, сүйлөшүү жолу менен конфликтти чечүүгө али шанс бар экенин” билдирди. Орус министри, мындан сырткары, Улуттар уюмунун байкоочулар миссиясын Сирияга кайрадан жиберүүгө чакырды.

Эл аралык ортомчу Брахими болсо Сириянын алдында азыр эки гана жол турганын айтып: “Бири саясий процесс, экинчиси – тозок”, - деди. Москвага сапары учурунда Брахими Сириядагы согушту токтотуш үчүн Өткөөл өкмөт түзүү долбооруна Орусиядан колдоо сурамакчы. Сирияда куралчан оппозиция Москванын жакын союздашы Асадды бийликтен кетирүүнү каалайт.

XS
SM
MD
LG