Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Дамаскта 30 кишинин сөөгү табылганы айтылууда


Сириянын баш калаасы Дамасктын түндүгүндөгү Барзех кварталында кыйноодон көз жумган 30 кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбор билдирди. Табылган сөөктөр азырынча аныктала элек.

Сириянын революциялык башкы комиссиясы деп аталган дагы бир оппозициялык топ - Дамаскта 50 сөөк табылганын, алардын көбүнүн башы жок экендигин маалымдады. Бул маалыматтар азырынча көз карандысыз булактардан тастыктала элек. Сирия бийликтери өлкөгө чет элдик журналисттердин кирүүсүнө чектөө коюуда. Активисттердин маалыматы боюнча, кечээги кармашта 160 киши, анын ичинде 78 карапайым тургун жок болду.

Сирия боюнча эл аралык чабарман Лахдар Брахими согушуп жаткан тараптар тынчтык сүйлөшүүлөргө келмейинче жаңжалды чечүүгө жол жоктугун Москвада туруп кайталады.

XS
SM
MD
LG