Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:46

ИИМ: Майрам түнү 200дөн ашуун арыз, билдирүүлөр катталды


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин “Азаттыкка” айтымында, 31-декабрдан 1-январга караган түнү өлкө аймагында 200дөн ашуун ар кандай окуялар, арыз, билдирүүлөр жана кылмыштар катталган. Маалыматка ылайык, адам өлтүрүү фактысы жок.

“Негизинен майрам түнү тынч эле өттү. Оор кылмыштар катталган жок”, - дейт Эрнис Осмонбаев.

Майрам күндөргө байланыштуу ИИМдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөн. Бул күндөрү 7,5 миңдей милиция кызматкери жана элдик кошуундун он миңдей өкүлү коопсуздукту жана коомдук тартипти көзөмөлдөп турушат. Мындай тартип 2-январга чейин уланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG