Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Кот-д`Ивуарда фейерверктер 61 адамдын өмүрүн алды


Африкадагы Кот д`Ивуар (Пил Сөөгүнүн Жээги жумурияты) өлкөсүндө жаңы жылдык фейерверк көрсөтүүлөрү маалында 61 адам тепселендиде калып, мерт болду. Окуя өлкөнүн негизги шаары – Абиджанда шейшембинин таңында орун алган. Шаардагы борбордук стадиондо фейерверктер шоусу башталганда чогулган эл корккондуктан дүрбөлөңгө түшкөн. Тебелендиде калып, каза болгон алтымыштан ашык адамдын басымдуу бөлүгүн жаш балдар түзөт. Өлкө президенти Алассан Уаттара окуяны улуттук трагедия деп атап, иликтөө башталганын билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG