Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Акыйкатчы 2013-жылды Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо жылы деп жарыялады


Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” айтымында, Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эркиндигин жана укугун коргоо жылына байланыштуу быйыл бир катар иш-чаралар, талкуу, коомдук угуулар өткөрүлөт. Негизгиси майыптар боюнча конвенциянын кабыл алынышына аракеттер көрүлөт.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу Кыргызстанда корголбой жатат. Мамлекет көңүл бурбай келет. Аларга эң эле жөнөкөй шарттар түзүлгөн эмес. Бул жылга байланыштуу жаштар, студенттер менен жолугуп, өкмөткө, парламентке маселени койобуз. Алардын көйгөйлөрүн коомго алып чыгабыз. Майыптарга көңүл буруу керек экендигин көрсөтүп, коомдук пикир жаратууга аракет кылабыз”, - дейт Акун.

Кыргызстан былтыр БУУнун ассамблеясында Майыптардын укугун коргоо боюнча Конвенцияга кошулган. Конвенция толук ишке кириши үчүн ага парламент менен президент макулдугун бериши керек.

Кыргызстанда майып адамдардын саны 133 миң деп эсептелип жүрөт. Алардын көпчүлүгү тиешелүү шарттын жоктугунан ар кандай басмырлоолорго туш болуп жатканын айтып келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG