Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

АКШ Конгресси “фискалдык туңгуюктан” чыгарчу жолду тапты


АКШ -- Конгресстин мүчөлөрү “фискалдык туңгуюктан” сактачу мыйзам долбоорун кабыл алгандан кийин, 1-январь, 2013.
АКШ -- Конгресстин мүчөлөрү “фискалдык туңгуюктан” сактачу мыйзам долбоорун кабыл алгандан кийин, 1-январь, 2013.

Салыктардын өлчөмү жана мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча эки жылга жакын созулган талаш-тартыштан кийин республикачылар менен демократтар мунасага келишти.

1-январда түн ортосуна чукул жетишилген келишим АКШны “фискалдык туңгуюктан” сактап калды. Эгер жаңы мыйзам бекитилбей калса, 1- январдан тарта калктан чогултулчу салыктар кескин жогорулап, бюджеттик чыгымдар 600 миллиард долларга кыскармак. Жаңы кабыл алынган мыйзам долбоору боюнча, келерки он жылда өтө бай америкалыктардын эсебинен казына 620 миллиард долларга байууга тийиш.

Президент Барак Обама үчүн Конгресстин чечими чоң ийгилик

“Президенттик өнөктүк кезде берген убадамдын чордонунда салык кодексин өзгөртүү турган. Ал байларга өтө эле ыңгайлашып, америкалык орто класстын жүгүн оорлоткон. Бүгүн түнү убада аткарылды. Демократтар менен республикачылар берген добушка таянып, эки процент эң бай америкалыктар үчүн салыкты көбөйткөн жана орто классты салыктын өсүшүнөн сактаган мыйзамга кол коём. Болбосо, экономика рецессияга кетип, Американын чар тарабындагы үй-бүлөлөр оор абалга кабылмак,”- деди Барак Обама.

Ал мындай билдирүүнү Сенаттын лидерлери менен вице-президент Жо Байден ортосундагы сүйлөшүүлөрдө иштелип чыккан компромистүү мыйзам долбоорун Конгресстин Өкүлдөр жыйыны жактыргандан кийин жасады. Мыйзам долбоорун Өкүлдөр палатасынын 257 мүчөсү колдоп, 167 депутат каршы добуш берди.

Азыркы Конгресстин бийлик мөөнөтү бейшемби күнү аяктап, анын ордуна АКШнын тарыхында 113-жолу шайланган Конгресс келет. Ошон үчүн таасирдүү демократ Стени Хойердин айтышынча: “112-Конгресстин вазийпасы бүткөнгө 37 жарым саат калганда жетишилген келишим республикачылар менен демократтар катаал учурда бириге аларын шайлоочуларга көрсөттү.”

Ырас эле, конгрессмен-республикачылар Сенат сунуш кылган мыйзам долбоорунда мамлекеттик чыгымдар жетерлик кыскартылбаган дешип, долбоорго түзөтүү киргизерин айтып коркутуп жатышкан. Эгер Өкүлдөр палатасы андай кадамга барса, маанилүү мыйзамды жаңы шайланган Конгресс кайра баштан талкуулай баштамак. Натыйжада серепчилердин боолгошунча, каражаты тартыш экономика рецессияга батмак.

Эгерде демократтар ийкемдүү болбосо, жаңы мыйзам кабыл алынары күмөндүү эле. Атап айтканда, алар жылдык киреше 250 миң доллар болсо, андан төлөнчү салыкты көбөйтүүнү зарыл деп жаткан.

Баалуу кагаздардын наркы жана мунайдын баасы өстү

2001-жылы президент Жорж Буштун тушунда берилген салык жеңилдиктери боюнча, жылдык кирешеси 400 миң доллардан аз жеке адамдар жана 450 миң долларга жетпеген үй-бүлөлөр жеңилдетилген салык төлөчү.

Конгресс бекиткен жаңы мыйзамга ылайык, жылдык кирешеси 400 миң долларды түзгөн жарандар мурдакы 35 проценттин ордуна 39, 6 процент салык төлөй турган болот. Мамлекеттик чыгымдар болсо, 1-январдан эмес, эки айдан соң 1, 2 триллионго кыскартылат. Бул арада жаңы Конгресс бюджеттик тартыштыктын нормасы 16, 4 триллион доллардан ашпасын деген мыйзам кабыл алса, жогорудагы сумма автоматтык түрдө мерчемдүү чыгымга айланып калат.

Жаңы мыйзам боюнча, жеке адамдар 5 млн. доллардан көп, эрди-зайып 10 млн. доллардан көп мураска ээ болсо, анын 40 процентин салыкка төгөт. Бул мурдакыдан 5 процентке жогору.

Жумушсуздук боюнча жөлөк пул төлөө дагы бир жыл бою сакталат. Демек, 2 миллион америкалыкты өкмөт каржылай берет. Жарды үй-бүлөлөр үчүн эмки беш жылда да салык кредити сакталат. Бул деген алар 17 жашка чейинки балдарына өкмөттөн жөлөк пул ала берерин билдирет.

АКШны “фискалдык туңгуюктан” сактаган мыйзам долбоорун Конгресс кабыл алганы тууралуу кабардан кийин Азиянын баалуу кагаздарынын наркы, ошондой эле мунайдын баасы өстү. Бул эл аралык ишкерлер чөйрөсү дүйнөдөгү эң чоң керектөөчү АКШнын экономикасы жаңы жылда таскагынан жазбайт дегендин жышаанасы.

XS
SM
MD
LG