Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү январда уланат


8-январдан 13-январга чейин чек араны тактоо боюнча тажик делегациясы Кыргызстанга келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Маалыматка ылайык, эки тараптуу сүйлөшүүлөр буга чейин макулдашылган графиктин негизинде жүргүзүлүүдө.

Кыргызстан Тажикстан менен 970 чакырым аралыкта чектешет. Анын 517 чакырымы такталып, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын деңгээлинде бекиген. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG