Электр энергиясынын баасы боюнча өкмөттүн тарифтик саясаты эсептелип бүтүп калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыров билдирди. Жаңы тарифтик планга ылайык, электр энергиясын айына 300 киловатт/сааттан көп керектеген жарандарга бааны 70 тыйындан 1 сомго, ишканалар үчүн бир киловатт/саат электр энергиясынын баасын 1 сом 50 тыйынга чейин көтөрүү мерчемделүүдө. Бул долбоор эки ай ичинде коомчулуктун талкуусуна коюлуп, андан соң өкмөттүн жактыруусу менен Жогорку Кеңешке жөнөтүлмөкчү. (KKs)