Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Конституциялык палатанын судьяларын тандоо уланат


Конституциялык палатанын калган алты судьясын тандоо 9-январда уланат. Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, сынакка катышуу үчүн 12 талапкер документ тапшырды. Кийинки аптадагы сынактын биринчи турунда алардын документтери текшерилип, кызматка ылайыктуулугу каралып чыгат.

Буга чейин жарандык коомдук айрым өкүлдөрү Конституциялык палатанын судьяларын тандоо атайын создуктурулуп жатат деп билдиришкен. Шамарал Майчиев бул дооматтарды четке кагып, тандалган талапкерлер президенттин кароосунан өтпөй калганын белгиледи. Сотторду тандоо кеңеши тандаган талапкерлер президент жактыргандан кийин гана Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. (KKs)
XS
SM
MD
LG