Сириялык активисттердин билдиришинче, борбор калаа Дамасктагы газ станциясында машина жарылып, кеминде тогуз киши набыт болду. Мамлекеттик маалымат каражаттары жарылуу болгонун тастыктап, өлгөндөр менен жаракат алгандардын санын айтышкан жок. Алар бул окуяны “террорчулардын” аракети катары сыпатташты. Бейшембинин кечинде болгон жардырууга эч ким жоопкерчиликти ала элек. Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, Сирияда согуш башталгандан бери 60 миңден ашык адам мерт болду. (KKs)