Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Электр энергиясын мыйзамсыз колдонгондор боюнча ИИМге арыз түштү


“Түндүкэлектр” ишканасы электр энергиясын мыйзамсыз колдонгондорду аныктап, аларга чара көрүүнү өтүнүп Ички иштер министрлигинин Уюшма кылмыштуулук жана коррупция менен күрөш бөлүмүнө кат жөнөттү. Аталган ишкана 15-24-декабрь күндөрү Бишкек шаарындагы Малдыбаев атындагы көчөдөгү жер тамдарды текшерген. Натыйжада 23 үйдө электр энергиясын мыйзамсыз пайдаланган, мунун айынан ири өлчөмдө зыян келгени аныкталган. “Түндүкэлектр” бул үйдүн ээлерин жана мыйзамсыз колдонууга жол ачкан компаниянын кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG