Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:22

Камактагы депутаттардын соту башталат

Камактагы “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровго козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук териштирүү 10-январда болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады. Ишти Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдыразак Боромбаев карайт. 

Үч депутатка өткөн жылдын 3-октябрда Ак үйдүн алдында болгон башаламандыктар боюнча “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айып тагылган.(BkA)
XS
SM
MD
LG