Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Коргоо кеңеши: Сохто барымтадагылардын баары бошотулду


Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчылыгы Өзбекстандын Сох анклавында барымтада кармалган кыргыз жарандарынын баары – 16 адам бошотулганын кабарлады. Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 4төн 15 мүнөт өткөндө Кыргызстандын 16 жараны кыргыз тарапка өткөрүлдү. Өзбек тарап барымтада эч ким калбаганын тастыктады.

Учурда чек ара жаңжалын жөнгө салуу, мындан ары болтурбоо иш-аракеттери уланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG