Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Журналисттердин сабалышы боюнча ишти шаар милиция башчысы көзөмөлдөйт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сеитов билдирди. Сеитовдун кабарлашынча, окуяны милициянын ыкчам тобу териштирип, кылмыш ишин козгоого тиешелүү материалдар топтолуп жатат. Ишти шаардык милициянын жетекчилиги көзөмөлгө алды.

7-январда “Түндүкэлектр” ишканасынын кызматкерлери менен бирге Бишкектеги “Ататүрк” сейилбагына танапташ салынып, электр энергиясын уурдады делген үйлөр боюнча репортаж тартып жүргөн КТРКнын кабарчылары Ширин Асанакунова жана Бурулай Пусурманкуловага белгисиз бирөө кол көтөргөн. Ал адам ошол үйлөрдүн биринин тургуну экени айтылууда. Учурда Ширин Асанакунова алган жараатынан улам ооруканада дарыланууда.

Коомдук канал күч органдарынан бул окуя боюнча күнөөлүүлөрдү тез арада таап, жазалоону суранды. (BkA)

XS
SM
MD
LG