Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:40

Пакистанда сегиз согушкер жок кылынды


Пакистандын Түндүк Вазиристан аймагындагы учак чабуулдан кеминде 8 согушкер жок кылынды.Пакистандын коопсуздук күчтөрү шейшемби таң эртеден аймактын Хейдерхел аттуу кыштагына чабуул жасалганын 5 согушкер өлтүрүлүп, дагы төртөө жараат алганын тастыкташты. Андан көп өтпөй согушкерлер жашынып жатат делген дагы бир айылга чабуул жасалып, дагы 3 согушкер жок кылынды.

Бул аймак талибдер жана “Аль-Каиданын” согушкерлери көпчүлүгү баш пааналаган аймак катары белгилүү. Акыркы беш күн ичинде АКШ учкучсуз учактары менен  бул аймакка дембе-дем чабуулдарды уюштуруп жатат.

 

XS
SM
MD
LG