Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

“Супер-инфонун" тергөө абагындагы кабарчысы ооруканага жаткырылды


“Супер-инфо” гезитинин кабарчысы Бахияна Сатылганова убактылуу тергөө абагында ден соолугу начарлап, курсактагы баласын жоготуу коркунучу пайда болгондон улам ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты “Азаттыкка” аталган гезиттин кабарчысы Элвира Караева тастыктады. Анын айтымында, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту Сатылганованы ден соолугу кескин начарлап кеткендигине байланыштуу "өлкө аймагынан чыкпоо" тил каты менен үй камагына чыгарды.

Аталган гезиттин кабарчысы Бахияна Сатылганова жана гезитинин тамашасын аткарууга катышкан спортчу Жанат Муратов декабрь айынын соңунда бир айга борбордогу №1 тергөө абагына камакка алынган. Алар теле алып баруучу Назира Айтбекованы тамашага чалабыз деп жатып, адам уурдоо, бейбаштык сыяктуу кылмыштарды жасаган деп айыпталууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG