Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Казакстанда Бажынын мурдагы башчысы он жылга кесилди


Серик Баймагамбетов.
Серик Баймагамбетов.
Астананын соту бүгүн Серик Баймагамбетовду пара алганы үчүн күнөөлүү деп тапты.

Сот чечимине ылайык, анын үй-мүлкү конфискациялануусу абзел.

54 жаштагы Баймагамбетов былтыр февралда кызматынан чегингенден кийин камалган эле. Ага Бажы кызматына ишке орноштуруу үчүн кимдир бирөөдөн 80 миң доллар пара алган деген айып тагылган. Бирок ал өзүнө коюлган айыптарды төгүндөгөн.

2011-жылы Бажы комитетинин төрагасы болгонго чейин Баймагамбетов Казакстандын ички иштер министринин кызматын аркалаган. (UE)

XS
SM
MD
LG