Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Жерүйдү иштетүүгө сынак ушул айда жарыяланат


Жерүй алтын кенин иштетүүгө конкурс январда жарыяланарын “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаров билдирди. Анын айтымында, жакынкы апталарда конкурс өткөрүү боюнча комиссия курамы аныкталат. Андан соң комиссия сынак өткөрүүнүн жол-жобосун аныктап, кенди сатыкка коюунун шартын белгилейт. Эшназаровдун билдиришинче, бул иш-чаранын баары сынакты январдын аягына чейин бүтүшү керек.

Өткөн жылдын этегинде кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган болчу. Буга компаниянын лицензиялык келишимди аткарбаганы негиз болгон.

Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (BkA)

XS
SM
MD
LG