Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Чарбактыктар жетекчилер кабар албаганына нааразы


Баткендин Чарбак айылынын тургундары 5-январдагы жаңжалдан бери Кыргызстандын мамлекеттик жетекчилери алардан кабар албаганына нааразылык билдиришүүдө. “Күн сайын жүздөгөн адамдар чогулуп, жаңжалдан кийин тиешелүү чара көрө албаган өкмөттү сындап жатышат. Мындан эки күн мурда Кыргызстандан ички иштер министри Шамил Атаханов, Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовду эл чогулуп күтүп турганына карабай алар облустук администрациядан кайтып кетип калышты”, - дейт өзүн Абдыманап деп тааныштырган чарбактык тургун.

Анын айтымында, учурда Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Чарбак айылынын тургундарына Баткендин ар кайсы айылдарынан көмүр, шам жана азык-түлүк жардам катары жеткирилүүдө.

Баткендин Чарбак айылындагы чек ара тозотуна кыргыз тарап 5-январда электр мамыларын орното баштаганда Өзбекстандын Хушяр айылынын тургундары каршылык көрсөтүп, мамыларды кулатып, бир топ кишини барымтага алган.

7-январда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлү жана Өзбекстандын Фергана облусунун акими, кыргыз-өзбек чек ара, күч түзүм, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу орган өкүлдөрү жолугушуп, окуяны калыс иликтөө тууралуу сүйлөшүшкөн. Эртең Чарбак айылына айрым депутаттар да барганы турушат. JAk

XS
SM
MD
LG