Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Малики сунниттерди өлкөнү бүлүнтүүдө деп күнөөлөдү


Ирактын премьер-министри Нури Малики антиөкмөттүк демонстрацияга чыккандарды эркиндикти бузуп, өлкөгө “бүлүк салууда” деп күнөөлөдү. Эки жумадан бери Ирактын суннит калктуу аймактарында жүрүп жаткан нааразылык акцияларынан улам унаа байланышы бузулган. Нааразылыкка чыккандар Малики башындагы шиит өкмөтү суннит азчылыгын куугунтуктоодо деп күнөлөшүүдө жана абактагы сунниттерге эркиндик берүүнү жана терроризмге каршы мыйзамды реформалоону талап кылышууда. Малики шаршемби күнү Багдадда сүйлөп, өкмөттө айрым талаптарды териштирүү боюнча комиссия түзүлгөнүн, бирок коопсуздук күчтөрү кырдаалга кийлигише аларын билдирди.
Шаршемби күнү билийктер соода жана унаа байланышы бузулганын айтып, сунниттер көп жашаган Анбар провинциясында Иордания жак чек араны жапты.

Бул кадамга нааразылык билдирген адамдардын Сирия жана Иорданияга кеткен кан жолду тосуусу себеп болду.

XS
SM
MD
LG