Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Камактагы депутаттардын соту болот


Бүгүн камактагы “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровго козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук териштирүү башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады. Ишти Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдыразак Боромбаев карайт.

Бул соттук териштирүүнү утурлай Бишкекте «Ата-Журт» партиясынын мүчөлөрү митинг өткөргөнү жатат. Партия төрагасынын орун басары Данияр Жаныкуловдун билдиришинче, митингде ишти карап жаткан соттон адилет чечим чыгаруу талап кылынат.

Үч депутатка өткөн жылдын 3-октябрында Ак үйдүн алдында болгон башаламандыктар боюнча “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айып тагылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG