Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

"Супер-инфодогу" тамаша боюнча кылмыш иш сотко өтөт


Коомдук телеканалдын алып баруучусу Назира Айтбекованын уурдалышы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, бүгүн сотко өткөрүлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Буга чейин «Супер-инфо» гезитинин кабарчылары Бахияна Сатылганова, Максат Орузунбетов жана спортчу Жанат Муратовго Айтбекованы тамашага чалабыз деп жатып, адам уурдоо, бейбаштык сыяктуу кылмыштарды жол бергени үчүн кылмыш козголгон. Андан соң Сатылганова менен Муратов Бишкектеги №1 тергөө абагына салынган. Бирок Бахияна Сатылганова кош бойлуу болуп, курсактагы баласына зак кетүү коркунучу туулгандан улам ооруканага жаткырылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG