Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Баткен: Министр жолукпай кеткенине эл нааразы


Кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун маалымдашынча, ушул тушта Баткен облустук акимчиликтин алдына Сох анклавынын айланасындагы кыргыз айылдардан келген жүздөй адам топтолду. Алар ички иштер министри Шамил Атаханов менен Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленов Баткенде чек арадагы чыр чыккан айылда эл менен жолукпай кеткенине нааразы болуп жатат. Чогулгандар Чарбак жаңжалы боюнча түзүлгөн комиссиянын өкүлдөрүнүн келишин, чек ара чырынын тутанышына күнөөлүлөр аныкталып, жоопко тартышын талап кылууда.

Кечээ Кыргыз өкмөтүнүн Коопсуздук жана укук тартиби кеңеши Чарбак жаңжалын талкуулаган болчу. Анда чек ара аймактагы чырды иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Тиешелүү министрлик-мекемелерге жана жергиликтүү бийликке чукул тапшырмалар берилди. Ага ылайык, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жанданат.

Мамлекеттик чек араны кайтаруу күчөтүлөт жана эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле чек ара аймактарындагы иш-аракеттер көзөмөлдөнөт. Чек ара боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилип, Сохту айланып өткөн Айгүл-Таш – Согмент – Чарбак – Таян унаа жолун куруу жанданат. (EBM/JsA)

XS
SM
MD
LG