Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

“Атажуртчу” депутаттардын ишин караган судья алмашат


“Ата-Журт” фракциясынын үч депутаты баш болгон алты адамдын ишин бүгүн карап баштаган судья Абдуразак Боронбаев айыпталуучулардын адвокаттарынын ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчүн канааттандырды. Эми мыйзам боюнча 10 күндүн ичинде эч кандай доо арыз болбосо Биринчи май райондук сотунун төрагасы ишти башка судьяга өткөрүп бериши керек. Кийинки сот процессинин мөөнөтү андан кийин такталат.

Адвокаттар судья Боронбаев буга чейин депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртпөй койгонун айтып, ишти калыс териштиришинен күмөн саноо менен ишенбөөчүлүк билдирген. Кабарчыбыздын маалымдашынча, учурда соттун жанында митингге чогулгандар да тарады. (EBM)

XS
SM
MD
LG